Өмер Челик Грециянын Мейс аралы тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Өмер Челик «Грециянын Мейс аралын куралдандыруу демилгеси жаңы бир каракчылыктын мисалы".

1482122
Өмер Челик Грециянын Мейс аралы тууралуу чечимине каршылык көрсөттү

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын катчысы Өмер Челик Грециянын Мейс аралын куралдандыруу демилегсинин жаңы бир каракчылыктын мисалы экендигин айтты. Өмер Челик твиттерден берген маалыматта : «Грециянын Мейс аралын куралдандыруу демилгеси жаңы бир каракчылыктын мисалы. Түркиянын жээктерине курал кезеген акылсыздык болот. Греция мыйзамга тескери бул кадамдарын арттыруу менен Эгейде жана Жер Ортолук деңизинде каракчы саясаттарынын өкүлү болгон. Мыйзамдын негизинде дипломатия жолу менен маселени чечүүнүн ордуна каракчы келишимдер менен дипломатияны соботаж кылган Греция. Грециянын бул кадамдарынын жыйынтыгы ийгиликсиздик болот»,- деди.

Маселелерди чечүү үчүн дагы бир жолу мыйзам жолун белгилеген катчы Челик : «Греция мыйзам жолу менен маселелерди чечүүнү каалай турган болсо Түркия эң ишенимдүү өлкө. Түркия менен сүйлөшүүнүн ордуна Франция менен машыгуу өткөрүүнү тандап жаткан болсо мунун качалык жаңылыш экендигин көрөт. Греция  ар бир кадамына бере турган күчтүү жообубуздун бар экендигин билет»,- деди.



Тектеш кабарлар