Эрдоган : "Түркияны глобалдык өндүрүш жана технология борборуна айландырууда чечкиндүүбүз"

Президент Эрдоган Технологияга багытталган өнөр жай кыймылы: МЕСС технология борбору жана 40 фабриканын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

1481308
Эрдоган : "Түркияны глобалдык өндүрүш жана технология борборуна айландырууда чечкиндүүбүз"

Президент Р. Т. Эрдоган түрк фирмаларынын жаңы тип коронавирус эпидемиясы мезгилинде сапаттуу продукциялары менен конкуренция баалары менен жана  ишенимдүүлүгү менен алдыга чыкканын белгиледи.

Президент Эрдоган Технологияга багытталган өнөр жай кыймылы: МЕСС технология борбору жана 40 фабриканын ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган : «Буйруса жалпы дүйнөдө эпидемиянын таасири азайып, баары өз ордуна отурганс айын Түркия жетишкен ылдамдык дагы да артат»,- деди.

3 континенттин борбору Түркияны глобалдык өндүрүш жана технология борбору абалына айландырууда чечкиндүү экендерин белгилеген Президент Эрдоган : «Бир гана экспортубузду арттыруу менен эле калган жокпуз. Ошол эле учурда экспортубуздун композициясын да өзгөрттүк»,- деди.

Түркиянын  бүгүн сатып алуу паритетине ылайык, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 13 - өлкөсү болгонун айткан Эрдоган Кара деңиздеги  жаратылыш газдын  ачылыштары менен Чыгыш Жер Ортолук деңизинде аткарылган сейсмикалык изилдөөлөрү менен күн тартибине келүүнүн сабырдын, аракеттин жана ишеничтин бир жыйынтыгы  экендигин белгиледи.

Эрдоган Түркиянын айыл  - чарба түшүмүндө  Европада лидер экендигин да  сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар