Эрдоган - Ел Мишри жолугушуусу
Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушууга Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп да катышты.
Президент Р. Т. Эрдоган Ливиянын Жогорку Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Халид ел - Мишри менен жолугушту.
Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында Жогорку Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Халид ел - Мишрини кабыл алды.
Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушууга Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп да катышты.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу да Халид ел - Мешри менен жолугушту. Чавушоглу менен ел - Мешри бүгүн тышкы иштер министрлигинде жолугушуу өткөрдү. Чавушоглу твиттерден маалымат берип : "Бир тууган Ливия менен арабыздагы кызматташуу күн өткөн сайын бекемделип жатат. Экономикалык жана соода тууралуу биргелешкен проекттерибизди ылдамдатууда чечкиндүүбүз. Ливияда саясий чечүүчү жолду түзүү үчүн колдообузду улантабыз",- деди.