Түркияда бир күндүк тест жасоо жүз миңге чамалап баратат
Бир сутканын ичинде 98 миң 231 тест жасалып, 1 миң 502 кишиде вирус аныкталды.
1479056
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 24 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 6 миң 163 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 98 миң 231 тест жасалып, 1 миң 502 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 887 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 239 миң 795ке жогорулады.