Ибрахим Калын:«Ливиянын эч бир жеринде аскердик жол менен чечим чыгарууну каалабайбыз»

Катарда жайгашкан «Аль-Жазира» телекөрсөтүүсүнө маек берген Калын, Түркиянын  Катар жана башка өлкөлөр менен бирге Ливиядагы саясий демилгелерди колдош үчүн ал жерде болгондорун айтты.

1474925
Ибрахим Калын:«Ливиянын эч бир жеринде аскердик жол менен чечим чыгарууну каалабайбыз»

 

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Ливияда саясий чечим табылаарына ишенгендерин билдирип,«Биз Ливиянын эч бир жеринде аскердик жол менен чечим чыгарууну каалабайбыз жана бардык мүмкүнчүлүктөрдө аскердик күрөштүн ал жерде уланышын каалабайбыз деп айтуудабыз»,- деди.

Катарда жайгашкан «Аль-Жазира» телекөрсөтүүсүнө маек берген Калын, Түркиянын  Катар жана башка өлкөлөр менен бирге Ливиядагы саясий демилгелерди колдош үчүн ал жерде болгондорун айтты. Ливияда саясий чечим табылат деп ишенишкенин белгилеген Калын, Сирте жана Жуфрада бир жыл бою аскердик чогултуу болгонун жана  буга тынчсызданышкандарын белгиледи.

Бул абалдын Ливиянын тынчтыгына жана аймактык бүтүндүгүнө коркунуч туудурганын баса белгилеген Калын, Түркиянын Ливиянын бөлүнүүсүнө байланыштуу расмий жана расмий эмес пландарга каршы экендигин белгиледи.

Калын, Түркия Ливиянын эч бир жеринде аскердик чечүүчү жолду тандабаганын айтып, "Ал жерде биз аскердик күрөштүн улануусун каалабаганыбызды ар кандай мүмкүнчүлүктө айтуудабыз»,-деди.

Ливиядагы бир дагы мамлекет менен тирешүүнү каалабагандыктарын баса белгилеген Калын, Египеттин Ливиянын коңшу өлкөсү экенине токтолуп, ал жерде конструктивдүү роль ойной тургандыгына ишенгендерин айтты.

Калын: «Бизди санаага салган нерсе, Россиянын ал жерде Вагнер сыяктуу жалданма аскерлери бар жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Судан, Нигер жана Чад сыяктуу мамлекеттерден жалданма согушкерлерди Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге колдоо көрсөтүү үчүн алып келиши»,- деди.

Сирте менен Жуфраны демилитаризациялоо сунушунун жаңжалдарды токтотуу үчүн эске алынышы керек деп ойлой тургандыктарын айткан Калын: «Эгер Ливия өкмөтү Сирте жана Жуфраны демилитаризациялоону алгылыктуу шарттарда кабыл алса, биз аларды колдойбуз. Бирок, бул иш калыс жана ачык жүргүзүлүшү керек. Бул шаарлар саясий чечүүчү жол табыш үчүн терезе болушу мүмкүн»,-деп айтты.

Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чыңалууну каалабаганын белгилеген Калын, Жер Ортолук деңизинин жээгиндеги аймактарда тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзө турган өлкөлөрдүн жана албетте ресурстарды тең бөлүштө ала тургандыгына көңүл бурду.



Тектеш кабарлар