Акар "Аль-Жазира" каналына маек куруп берди

Министр Акар орчундуу маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасады.

1465411
Акар "Аль-Жазира" каналына маек куруп берди

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар, Түркиянын ар дайым бардык жерде Ливиянын аймактык бүтүндүгүн жактай турганын айтты.

Акар күн тартиби тууралуу "Al Jazeera" арабча каналына берген маегинде Ливия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Аясофия мечитинин ачылышы жана Азербайжан-Армения маселеси боюнча билдирүүлөрдү жасады.

Ливиянын аймактык бүтүндүгүн баса белгилеген Акар: «Биз ал жерге Бириккен Улуттар Уюму тарабынан таанылган Улуттук Ынтымак Өкмөттүнүн Президенти Файиз Серрактын урматтуу президентибизге жазган чакыруу катынын негизинде бардык. Биз 500 жылдык бир туугандыктын талабы катары бул муктаж болгон ливиялык бир туугандарыбызга жардам берүү үчүн бардык»,- деди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги көйгөйлөрдүн тынчтык жолу менен чечилүүсүн жактаган министр Акар: «Биз Эгей, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги жана Кипрдеги бардык көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечүүнү колдойбуз. Бул темада жакшы коңшулук мамилелерге, эл аралык укукка жана өз ара диалогго таянабыз»,- деп айтты.

Азербайжан-Армения маселесине да токтолгон Акар: «Азербайжан түркү биздин бир тууганбыз. Биз ар дайым айтып жатабыз, эки мамлекет - улут. Биз кайгыбызды, кубанычыбызды тең бөлүшөбүз. 16-июлда Накаров Карабахтын сыртындагы Тавуш аймагында болгон кол салууну көрүшү керек. Азербайжан жерлеринин 20 пайызы 30 жылдан бери мыйзамсыз Армениянын басып алуусунда экенин көрүш керек, билиш керек. Ошондуктан биз Азербайжан туугандарыбыздын бул күрөшүндө жанында болобуз»,-деди.

Аясофиянын ибадатка ачылышына да баа берген министр Акар: «Түркия эгемендүү, көз карандысыз жана өзүнө ишенген мамлекет, өз саясатын өзү жүргүзгөн мамлекет. Ошондуктан мекемелерибиз жана президентибиз бул темада өз чечимин чыгарышты жана Аясофия мечит болуп ачылды. Бул жер бардык адамдар үчүн ачык, Мусулмандарга, Ислам дүйнөсүнө ачык болгондой эле, мусулман эместердин да келип, кирип, кыдырып көрүп кетишине эч кандай тоскоолдук жок. Бул Түркия Республикасынын чечими жана бардык адамдар урматташы керек»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар