Түркия ТКТРнын БУУнун тынчтык миссиясы жөнүндөгү чечимине каршы чыгуусун колдоду

Тышкы иштер министрлиги, (ТКТРда) жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты сактоо Миссиясынын (BMBG) милдетин 6 айлык мөөнөткө узартуу жөнүндө чечимине сереп салды.

1463534
Түркия ТКТРнын БУУнун тынчтык миссиясы жөнүндөгү чечимине каршы чыгуусун колдоду

Түркия, Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) жайгашкан  Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Тынчтык Күчтөрү Миссиясынын  милдетин узартуу боюнча  түрк тараптын макулдугун кайрадан албаган болуусу  БУУнун эрежелерине жана принциптерине каршы келет деп билдирди.

Тышкы иштер министрлиги, (ТКТРда) жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты сактоо Миссиясынын (BMBG) милдетин 6 айлык мөөнөткө узартуу жөнүндө чечимине келсек, «BMBGдин аралда болуусу жөнүндө Кипр Түрк тарабынын макулдугунун кайрадан алынбаган болушу БУУнун эрежелерине жана принциптерине каршы келет. Чындыгында, аралда BMBGдин бар экендиги тууралуу Кипр Түрк бийлиги менен мыйзамдуу келишим түзүүсү керек»,делди.

Билдирүүдө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын вице-премьер министрлигинин жана Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү  колдоого алынгандыгы баса белгиленди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын тема боюнча билдирүүсүндө, «БУУнун Коопсуздук Кеңеши, мурдагы жылдардагыдай эле сөз болгон чечиминде дагы, жалпысынан алганда Аралда жна аймак үчүн туура жана оң натыйжаларды бере турган, чечкиндүү аныктамаларды жасоодон жана кадамдарды таштоодон саясий себептерден улам узак туруп, ошентип келип жеткен жерде учурдагы чыңалуунун жана бүдөмүк абалдын бир бөлүгү болуп калат», деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө "БУУнун Коопсуздук кеңешинин мындай мамилеси Рум тарабынын Кипр Түрк тарабы менен кызматташуудан такыр баш тарткан ниетин жашырышына жол ачат», деп белгиленди.



Тектеш кабарлар