Аясофия тууралуу кабарлар Казакстан жана Пакистан медиасында кенен орун алды

«Эгемендүү Казакстан» гезити кабарды «86 жылдан кийин Аясофияда биринчи жума намазы» деп жарыялады.

1461730
Аясофия тууралуу кабарлар Казакстан жана Пакистан медиасында кенен орун алды

Аясофиянын кайрадан ибадатка ачылышы Казакстандын басма сөзүнөн да кенен орун алды.

Өлкөнүн медиа органдарында орун алган кабарларда Аясофияда биринчи жума намазынын окулганы белгиленип, 86 жылдан кийин Президент Р. Т. Эрдоган жана Дин иштери башкармасы Али Эрбаш жана өкмөт мүчөлөрү менен миңдеген кишинин биринчи намазды окуганына орун берилди.

Өлкөнүн чоң тираждуу гезити болгон «Эгемендүү Казакстан» гезити кабарды «86 жылдан кийин Аясофияда биринчи жума намазы» деп жарыялады.

Казакстандын мамлекеттик маалымат агенттиги КазАкпарат болсо Аясофиянын тарыхына кенен орун берди.

Казакстан улуттук телекөрсөтүү каналдарынын бул тууралуу кабарларында Эрдогандын : «Аясофия бүткүл адамзаттын бир маданий мурасы каатры ар бир динден кишилер келип кыдыра ала турган жер»,- деген сөзүнө басым жасалды.

Пакистандын алдыңкы кабар каналдары болсо 86 жылдан кийин ибадатка ачылган Аясофияда окулган биринчи жума намазына чоң кызыгуу көрсөттү.

Өлкөнүн эң чоң каналдарынан Geo News жана ARY News, GNN News, 24 News, Samaa TV жана дагы бир топ кабар каналы Аясофияда окулган жума намазын түз эфирден берди.

Өзгөчө Samaa TV Дин иштери башкармасы Али Эрбаштын кутбасын бир эле убакта англис тилинде котормосу менен жарыялады.



Тектеш кабарлар