Президент Эрдоган Аясофияга арналган музыканын клибин бөлүштү

Мечитте алгачкы намаз үчүн даярдыктар уланып жатканда президент Режеп Таййип Эрдоган видео бөлүштү.

1460039
Президент Эрдоган Аясофияга арналган музыканын клибин бөлүштү

Аясофия мечити 24-июль жума күнү ибадатка ачылууда.

Мечитте алгачкы намаз үчүн даярдыктар уланып жатканда президент Режеп Таййип Эрдоган видео бөлүштү.

Президент Эрдоган, Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө сөзү жана музыкасы Йүжел Арзенге таандык Аясофия чыгармасынын клибине орун берди. Клипте чыгрманы ар башка өлкөлөрдөн искусство чеберлери ырдашты.

Кыргыз, босняк, албан, азербайжан,күрт,свахили, араб,бенгал тилдеринде жана Йүжел Арзен тарабынан түркчө аткарылган чыгарманын клиби жана сөздөрү абдан чоң кызыгуу жаратты.

Президент Эрдоган бөлүшүүсүндө, «Аясофия...Шамал соксун куполуңда эркиндиктин... Тээ эзелтен бери биздиксиң, биз болсо сеники» сөздөрүн колдонду.

Мамлекеттик кеңештин 10-штабынын 10-июлда чыгарган чечими менен Аясофиянын мечиттен музейге айландырылганы жөнүндөгү 1934-жылдын 24-ноябрындагы Министрлер кеңешинин токтому жоюлду, ушундайча Аясофиянын мечит катары ибадатка ачылуусунун жолу ачылды.

Мамлекеттик кеңештин чечиминде Аясофиянын Фатих Султан Мехмет Хан фондунун мүлкү экендиги, мечит катары коомчулукту тейлөөгө сунушталаны белгиленген.

Негиздемеде, «Фонддун карамагындагы мечит сыпатынын тышындагы колдонулушунун жана башка максатка оодарылышынын укуктук жактан мүмкүн болбогонудугу тыянагы чыкты»,делди.


Этикеткалар: #Кыргыз , #Эрдоган , #Аясофия

Тектеш кабарлар