Калын 15-Июль туурасында маалымат бөлүштү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, 15-Июль төңкөрүш аракетинин 4-жылында Түркия демократиясын жана эркиндигин коргош үчүн толук чечкиндүү экенин билдирди.

1455427
Калын 15-Июль туурасында маалымат бөлүштү

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, 15-Июль төңкөрүш аракетинин 4-жылында Түркия демократиясын жана эркиндигин коргош үчүн толук чечкиндүү экенин билдирди.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Калын, 15-Июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнөн улам маалымат бөлүшүп, «Фетхуллахчы террордук уюму (ФЕТӨ) менен күрөшүү, укуктун үстөмдүгү жана негизги укук, эркиндиктин корголушу боюнча принциптер эске алынып, мамлекеттин ичиндеги уюмдук түзүмү чечмеленип, мүчөлөрү туурасында акыйкат соттук териштирүү иштери чечкиндүү жана кылдат жүргүзүлүүдө, көз карандысыз сот алдында суракка алынып жоопко тартылууда»,-деп айтты.

Империалисттик күчтөрдүн кошматчылыгын кылган дин жана билим берүүгө жамынган чыккынчы ФЕТӨнүн максаттарына жете албаганын, улуттун бул күрөштөн күчтөнүп чыкканын айткан Калын, Түркияга ушундай балээнин экинчи келбеши үчүн биримдик жана ынтымак менен иштөөсүн уланта тургандарын баяндады.

Калын, Түрк куралдуу күчтөрүнүн ичинде уя салган ФЕТӨгө байланышы болгон топ баштаган төңкөрүш аракети убагында Президенттик комплексинин, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын, бир топ мекеме менен мекендин жерлери жапырт кол салуу жана басып алуу аракетине дуушар болгонун эске салды.

Чыккынчы козголоңчулардын ошол түндө президент Режеп Таййип Эрдоган жана үй-бүлөсүн бутага алган кол салуу аракетин кылгандарын белгилеген Калын: «Президентибиздин чакыруусу менен элибиз төңкөрүш аракетине бөгөт коюш үчүн көчөлөргө чыкты, алардын үстүнө F-16 учактар, танктар жана оор куралдар менен ок атылганына карабастан теңдеши жок туруштук жана баатырдык үлгүсүн көрсөтүп, жандарын аябай бул кандуу төңкөрүштүн мизин майтарды. Ал түнү 251 карапайым атуулубуз козголоңчулардын чыккынчылык октору менен шейит кылынды, 2194 атуулубуз гази болушту. Буларды эч качан унутпайбыз, унуттурбайбыз»,-деп айтты.

ФЕТӨнүн чет өлкөдө Түркияга каршы жүргүзгөн кыймылдарын соңуна чыгарыш үчүн да иш-аракеттер уланып жатканын баса белгилеген Калын: «15-Июль төңкөрүш аракетинен кийин ФЕТӨнүн мүчөлөрү Америка Кошмо Штаттары (АКШ) жана Европа баш болгон дүйнөнүн ар башка өлкөлөрүнө качып, кылган оор кылмыштарынын жазасын тартпастан жашоолоруна уруксат берилиши эки тараптуу карым-катнаштарыбызга зыян тийгизүүдө. Түркия, террор коркунучу астындагы өлкөлөрдүн  улуттук коопсуздугун негиз кылган позицияны көрсөтсө дагы, өзгөчө Батыш өлкөлөрү бул темада сынактан өтө алышкан жок. ФЕТӨнүн корбашчысынын дагы деле өлкөбүзгө кайтарылып берилбеши жана АКШда жашоосуна уруксат берилиши, Түркия менен АКШнын ортосундагы шериктештик рухуна көлөкө түшүрүүдө. Чыккынчы ФЕТӨнүн демократиябызга карай жараткан коркунучун көрмөксөнгө салган айрым Батыш өлкөлөрү саясий айтымдар менен 15-Июль чындыгына кайдыгер калуусу өз баалуулуктары менен карама-каршы келүүсүн ортого салууда»,деген маалыматты берди.

«Түркия, ФЕТӨ,ПКК,ДЕАШ жана берки бардык террордук уюмдарга каршы чечкиндүү күрөшүүсүн улантып, демократиясын, эркиндигин жана көз карандысыздыгын ар түрдүү коркутуу жана коркунучтан коргойт»,деген Калын: «Мекени үчүн баатырларча жандарын аябаган 15-Июль шейиттерибизди урматтоо менен таазим кылып эскеремин. Улуттук биримдик жана ынтымагыбыздын белгиси болгон 15-Июль рухунун кылымдар бою туруктуу болушун тилеймин»,-деди.



Тектеш кабарлар