Түркияда вирусту жуктуруп алгандардын саны азайды
Өлкөдө Covid-19га каршы күрөш ийгиликтүү уланып жатат.
1455023
Түркияда коронавируска (Covid-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 20 киши көз жумуп, илдеттен каза болгондордун жалпы саны 5 миң 402ге жетти.
Ошол эле убакыттын ичинде 43 миң 231 тест жасалып, 992 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 49 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 196 миң 720га жогорулады.