Коммуникация башкармалыгы 15 - июлга карата атайын фильм даярдады

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун 2016 -  жыл 15 -  июлдагы козголоң кыймылына карата атайын даярдалган «Милат» аттуу кинонун видеосун бөлүштү.

1454852
Коммуникация башкармалыгы  15 -  июлга карата атайын фильм даярдады

Коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун Коммуникация башкармалыгы тарабынан 2016 -  жыл 15 -  июлдагы козголоң кыймылына карата атайын даярдалган «Милат» аттуу фильмдин видеосун бөлүштү.

Фахреттин Алтун соцтармак твиттерден англис тилинде : «Түрк калкы 15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы чыгууда ийгиликтүү болуп тарых жазды. Демокртаиябызды, көз карандысыздыгыбызды жана эркиндигибизди бирдикте коргодук. Шейит болгон каармандарыбыз менен ардагерлерибизди төрт жылдан кийин урмат  - сый менен эскеребиз»,- деп билдирген маалыматында Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган 15 -  июль козголоң кыймылына каршы улут жетишкен жеңиштин дүйнө демократия тарыхы жактан маанилүү учур экенин баяндаган бир фильмге да орун берди.

«Милат» аттуу фильмдин видеосунда 15 -  июлдагы козголоң кыймылына каршы чыккан бир жаш өспүрүмдүн өлкө тышында билим алып жаткан мектепте мугалимине берген жооп орун алган.

Мугалимдин : «Бир макалага караганда 1950 -  жылдан кийин дүйнөдө 236 ийгиликтүү аскердик козголоң болуптур, эч биринде калк ассиметриялык күч тең салмаксыздыгынан улам козголоң кыймылына ошол эле учурда куралдуу күчтөрдүн алдында жарандык эркти көрсөтө алган эмес. Тилекке каршы дүйнө тарыхында жеке калктын каршы чыгуусу менен токтотулган козголоң болбоптур»,- деген сөздөрүнө жаш өспүрүм : «2016 -  жылы 15 -  июлга чейин... Түрк калкы ал түнү демократия үчүн өлкөсүнүн келечеги үчүн 7ден 70ке чейин бирдикте болду, өз жанын аяган жок. Тарых жазды жана бул козголоң кыймылына тоскоол болду. Түрк улуту ал түнү бир дастан жазды. Бул дүйнө козголоңдор тарыхы үчүн, демократия үчүн маанилүү учур»,- деп жооп берди.

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар