15-Июль Мехтери

Президенттиктин коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, «15- Июль Мехтери» аттуу эмгекти социалдык медиада бөлүштү.

1453574
15-Июль Мехтери

Президенттиктин коммуникация башчысы Фахреттин Алтун, Фетуллахчы террордук уюмунун (ФЕТӨ) 2016-жылдын 15-июлундагы чыккынчылык төңкөрүш аракетинде шейит болгондордун элесине даярдалган «15- Июль Мехтери» аттуу эмгекти социалдык медиада бөлүштү.

Алтун, Твиттердеги билдирүүсүндө «Мекенин коргош үчүн эч тайсалдабастан өлүмгө тике караган баатыр шейиттерибиздин азиз рухларын урматтайбыз...» деген жазуусун жазып бөлүшүүсүндө, Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган «15- Июль Мехтери» аттуу видеого орун берди.

15-июль Демократия жана Улуттук Биримдик күнүнүн алдында шейит болгондордун элесине арналып даярдалган видеотасмада президент Режеп Таййип Эрдоган, акын Нежип Фазыл Кысакүректин,  «Биз дубалга тешик ачтык, ыйыкпы, ыйык. Оо ээн баш шамал эми кай тараптан соксоң сок...» деген ыр саптарын окуйт.

Эмгектин Аясофия аянтында тартылган клибинде болсо ФЕТӨнын чыккынчылык төңкөрүш аракетиндеги окуялар, төңкөрүш аракетинин алдын алуу үчүн көчөгө чыккан жарандардын күрөшү чагылдырылган.



Тектеш кабарлар