Немис өкүлдөрү Түркия менен туризмдин калыбына келишин каалап жатат

Социалдык демократ партиясынын парламент фракциясынын тышкы саясат боюнча катчысы Нилс Шмид : «Бул жайда Түркияга саякатка бара алам деп ойлойм".

1450556
Немис өкүлдөрү Түркия менен туризмдин калыбына келишин каалап жатат

 Германияда бийликтеги коалиция партияларынын тышкы саясат катчылары Түркия менен туризмдин калыбына келүүсү үчүн жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөргө колдоо берди.

Социалдык демократ партиясынын парламент фракциясынын тышкы саясат боюнча катчысы Нилс Шмид, Христиан демократ биримдик партиясы менен Христиан социал биримдик партиясынын фракциядагы тышкы саясат катчысы Юрген Хардт менен Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Жевдет Йылмаз борбор шаар Берлинде өткөрүлгөн бир жыйында күн тартиби тууралуу маалыматтарды беришти.

Германиянын Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучулугун аткарган мезгилде Европа Биримдиги  - Түркия ортосундагы карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшүн ойлогонун айткан Социалдык демократ партиясынын депутаты Шмид жаңы тип коронавирус менен күрөшүүдө ийгиликтин болушу менен келерки күндөрдө Германиянын саякат эскертүүлөрүнүн да жоюулушу күтүлүп жатканын билдирди.

Шмид : «Бул жайда Түркияга саякатка бара алам деп ойлойм. Балким алдыбыздагы бир - эки жуманын ичинде саякат эскертүүсү боюнча кээ бир өзгөртүүлөрдү көрө алабыз. Мен да чемоданымды даярдап барышым мүмкүн»,- деди.

Христиан биримдик партияларынын фракция группасынын тышкы саясат боюнча катчысы болгон депутат Юрген Хардт да Түркия менен Германиянын ортосунда туризм тармагында жүргүзүлүп жаткан диалогдон үмүттүү экенин белгилеп : «Эгерде Германия менен Түркиянын ортосундагы саякат чектөөлөрүн жумшартуу тууралуу жол таба алсак Германиядагы жүздөгөн түрк тектүүлөр үчүн жана эс алуусун Түркияда өткөрүүнү каалаган жүз миңдеген немис үчүн да пайладуу болот»,- деди.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары Йылмаз да Германияга Европа Биримдигинин кезектешкен башкаруучулугунда ийгилик каалап : «Бул мезгилде Европа  Биримдиги  - Түркия карым  - катнаштарында дагы жогорку деңгээлге жетебиз деп ойлойм»,- деди.



Тектеш кабарлар