Түркиядан Иракка медициналык жардам

Түркиянын жардамдары уланууда.

1446708
Түркиядан Иракка медициналык жардам

Түркия коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан таасирленген өлкөлөргө медициналык жардам көрсөтүүнү улантууда.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын буйругу менен Түркия Иракка Ковид-19 менен күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында бет кап, жергиликтүү дем алдыруучу аппарат, бетти коргоочу калкан, коргоочу кийимдер жана көз айнектерин жөнөттү.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган каражаттар борбор шаар Анкарадагы Этимесгут аскердик аэропортунда Түркиянын Куралдуу Күчтөрүнүн (TSK) А 400М үлгүсүндөгү ири жүк ташуучу учагына жүктөлдү.

Иракка жөнөгөн учактагы жардам кутуларынын бетине Президенттиктин эмблемасынан тышкары, Мевлананын "Үмүтсүздүктүн артында көптөгөн үмүттөр бар. Караңгынын артында көптөгөн күндөр бар", деген сөздөрү түрк жана араб тилдеринде жазылды.



Тектеш кабарлар