Түркия АКШнын Адам сатуу боюнча отчетуна каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркияда адам сатууга каршы күрөштүн күчтөндүрүлгөндүгү тастыкталып, буга карабастан отчетто жогорку категорияга жоголрулатылбагандыгы өкүнүчтүү болгону айтылды.

1444807
Түркия АКШнын Адам сатуу боюнча отчетуна каршылык көрсөттү

Түркия, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) 2020-жылы Адамдарды сатуу боюнча отчетуна каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Түркияда адам сатууга каршы күрөштүн күчтөндүрүлгөндүгү тастыкталып, буга карабастан отчетто жогорку категорияга жоголрулатылбагандыгы өкүнүчтүү болгону айтылды.

Билдирүүдө Түркиянын жыл сайын 4 миллионго жакын жеринен ажыраган адам жана аймагында болуп жаткан ыраатсыздыктын себебинен арткан көчтүн жүгүн көтөрүп жатканына көңүл бурулду.

Бул жагдайга карабастан, билдирүүдө Түркиянын адам сатууга каршы туруктуу күрөшүп жаткандыгы баса белгиленип, «Ушул шартта (Түркия) келишимдин катышуучусу жана тиешелүү мыйзамдар иш жүзүндө үйрөтүлгөн кызматкерлер менен иштелип чыгып, коомдо бул маселе боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, жабырлануучуларды натыйжалуу коргоо жана жоопко тартууга күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн жарандык коом жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну улантууда экендигине», баа берилди.

Билдирүүдө: «Экинчи жагынан, отчеттогу жазуулар ПКК/ЙПГ  террористтик жана кылмыштуу уюм экендигин, анын ичинде балдарды уурдап, жасаган кылмыштары менен ачык көрүнүп тургандыгын айгинелейт. Ошондуктан, бул отчеттогу маалыматтар АКШ бул террористтик уюмду мыйзамдуу өнөктөш катары кабыл алууну токтотушу керектигин көрсөтөт. Отчетто террордук уюм ПКК тарабынан уурдалган балдар жөнүндө маалымат берилсе дагы Диярбакырда 303 күндөн бери акция өткөргөн 140 үй-бүлө жана балдарына жеткен 13 үй-бүлө киргизилбей калышы, эгер атайылап болбосо да чоң кемчилик болуп эсептелет.

Түркия, олуттуу адам укуктарын бузу болгон адам сатуу кылмышынын жазаландырылышы жана кылмыштан жабыр тарткандардын корголушу үчүн ар түрдүү аракетти көрсөтүүгө жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө чечкиндүү»,делди.



Тектеш кабарлар