Француз журналист : "Коркунучтуу оюн ойногон Түркия эмес Франция"

Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Түркиянын Ливияда «коркунучтуу бир оюн ойноду» деген сөздөрү боюнча француз басма сөзү да катуу каршылык көрсөттү.

1443011
Француз журналист : "Коркунучтуу оюн ойногон Түркия эмес Франция"

Франциянын президенти Еммануэль Макрондун Түркиянын Ливияда «коркунучтуу бир оюн ойноду» деген сөздөрү боюнча француз басма сөзү да катуу каршылык көрсөттү.

Француз мамлекеттик радиосу Radio Franceтын эл аралык уктуруулар боюнча башкаруучусу Жан-Марк Фоурэл аралык мыйзам жана саясат жактан Франциянын Түркияга «сабак бере турган» абалда эмес экенин айтты.

Euronewsта орун алган кабарга караганда Ливияда болгондор тууралуу : «Үн катпашы керек болгон бир борбор шаар бар болсо ал да Париж»,- деген Фоурэл : «Эл аралык мыйзам жактан кризистин негизги жооптуусу Франция. Ливиядагы хаос 2011 -  жылы мезгилдин президенти Николас Саркози менен башталды», -деди.

Франциянын Ливиядагы расмий болбогон күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге курал бергенине байланыштуу бир топ олуттуу далилдин бар экенин айткан француз журналист : «2016 – жылы француз жашыруун кызматынын үч мүчөсүнүн Бенгезидеги өлүмү жана АКШнын бир гана Францияга саткан куралдарын Ливияда ортого чыгышы булардын экөөсү гана экенин билдирди.

Фоурэл француз дипломатиясынын Ливияда жашырбастан Хафтерди колдошунун да мыйзамдык жактан териштирилиши керектигин айтты.

Түркиянын БУУ тарабынан  мыйзамдуу түрдө Улуттук ынтымактык өкмөтүн колдогонун эске салган француз журналист : «Негизинен бул тууралуу да Анкара эл аралык мыйзамга дагы көп баш ийүүдө. Тактап айтканда Ливияда коркунучтуу бир оюн ойногон Франция»,- деди.

Франциянын мыйзамдык жактан жаңылыштыкка түшкөнүн баса белгилеген журналист саясий жактан да Хафтерди колдоо менен «жаңылыш басканын» белгиледи.



Тектеш кабарлар