Греция тарабынан артка кайтарылган качкындарды Түркия куткарды

Греция качкындарды өткөрбөй жатат.

1442104
Греция тарабынан артка кайтарылган качкындарды Түркия куткарды

Чанаккале жана Измир жээктеринде грек жээк күзөтчүлөрү тарабынан Түркиянын аймактык сууларына кайтарылган 60 качкын куткарылды.

Грециянын Мидилли аралына өтүүгө аракет кылган чет өлкөлүк жарандар, резина кайык менен Чанаккале шаарынын Айважык районунан Эгей деңизине чыгышты.

Грек жээк күзөтчүлөрү тарабынан түрк жээк сууларына түртүлгөн ар кайсы өлкөлөрдөн келген 24 кишинин жерлери аныкталды.

Түркиянын Жээк коргоо командирлигинин катерлерине түшүрүлгөн бул адамдар Айважыкка караштуу Күчүккую жергесиндеги жээк күзөт бекетине жеткирилди.

Измирдин Фоча районунун жээктеринде дагы, грек жээк күзөтчүлөрү тарабынан Түркиянын жээк сууларына жиберилген эки салда качкындардын болгондугу жөнүндөгү маалыматка байланыштуу Жээк Коргоо командачылыгынын мүчөлөрү жөнөтүлдү.

Салдагы 36 качкын куткарылып, кургактыкка чыгарылды.



Тектеш кабарлар