Түркия Австриянын мамилесине каршылык көрсөттү

Хами Аксой, Австриянын премьер-министри Себастьян Курцтун интервьюсуна байланыштуу суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

1441453
Түркия Австриянын мамилесине каршылык көрсөттү

Түркия, чек араларын качкындарга жапкан Австриянын жалпы адамзаттын баалуулуктарына каршы келгендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Австриянын премьер-министри Себастьян Курцтун грек гезитине берген интервьюсуна байланыштуу суроого жазуу жүзүндө жооп берди.

Аксой: «Австриянын канцлери Себастьян Курц Качкындар күнүнөн кийин грек гезитине качкындар жөнүндө жагымсыз билдирүү жасады. Эң баштан бери качкындар үчүн чек араларын жаап, ал тургай чек арага дубал курууну сунуш кылган бул өлкө Европа Биримдигинин (ЕБ) жана жалпы адамзаттын баалуулуктарына, негизги адам укуктарынын келишимдерине жана 1951-жылдагы Женева келишимине туура келбеген мамиле жасап жатат»,- деп сереп салды.

Европа Биримдигине мүчө бардык өлкөлөр жана Австриянын өкүлдөрү да иштеген Европанын Чек аралар жана Жээк коргоо агенттигинин (FRONTEX), бул келишимдерди жана ЕБнин мыйзамдарын аткарууга, өз чек араларына келген качкындарды коргоону камсыз кылуу, аларды артка кетирбөөгө жана адамгерчиликсиз мамиле жасабоого мажбур экенинине көңүл бурган Аксой: «Чындыгында, Австриянын качкындарга болгон көз карашы Грециянын мамилесинен таптакыр айырмаланбайт, анткени аларга адамгерчиликсиз мамиле жасашууда»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар