Кувейттин элчиси Аль-Завави:«Түркия вирустун жайылуусуна бөгөт койгон алдыңкы өлкөлөрдөн бири»

Анталиядагы бир иш-чарада журналисттердин суроолоруна жазуу түрүндө маалымат берген Аль-Завави, кувейттиктердин жылдын ар бир мезгилинде биринчи тандаган дестинацияларынан бири Түркия экенин белгиледи.

1440270
Кувейттин элчиси Аль-Завави:«Түркия вирустун жайылуусуна бөгөт койгон алдыңкы өлкөлөрдөн бири»

Кувейттин Түркиядагы элчиси Гассан аль-Завави, Түркиянын жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) жайылуусуна бөгөт болуш үчүн керектүү чараларды көргөн алдыңкы өлкөлөрдөн бири болгонун белгиледи.

Анталиядагы бир иш-чарада журналисттердин суроолоруна жазуу түрүндө маалымат берген Аль-Завави, кувейттиктердин жылдын ар бир мезгилинде биринчи тандаган дестинацияларынан бири Түркия экенин белгиледи.

Түркиянын Ковид-19 пандемиясына каршы көргөн чараларына токтолгон Аль-Завави:«Түркия вирустун жайылуусуна бөгөт коюш үчүн керектүү чараларды көргөн алдыңкы өлкөлөрдөн бири болгону шексиз»,-деп баяндады.

Айрыкча Түркияда ишке ашырылган толтуруу (жуктургандары табуу) системасынын, Түркияда вируска чалдыккандардын сандарын эрте таап айыктыруу жагынан ийгиликтүү болгонун баса белгилеген Аль-Завави, берки өлкөлөрдө болсо жуктургандардын сандарынын азайбаганын, өсүү байкалганын маалымдады.

Аль-Завави, Саламаттык сактоо министрлиги ишке ашырган процедуралардын да бардык тараптар жагынан урматталганын жана мактоого арзыганын баяндады.



Тектеш кабарлар