Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө кургактыктан операция жүргүзө баштады

Түндүк Ирактагы террор уюктарына карай кургактык кыймылы башталды.

1437378
Түрк куралдуу күчтөрү Ирактын түндүгүнө кургактыктан операция жүргүзө баштады

Түрк аскери Хафтанинде...

Түндүк Ирактагы террор уюктарына карай кургактык кыймылы башталды. Улуттук коргоо министрлиги абал тууралуу  «Чеңгел-Жолборс (Pençe-Kaplan) операциясы башталды. Баатыр десанттарыбыз Хафтанинде» деген маалыматты жарыялады.

Анда: «Аба күчтөрү, АТАК тик учактары, учкучсуз учуучу аппараттар жана учкучсуз учуучу куралдуу аппараттар коштогон десанттарыбыз, абадан чабуул операциясы менен аймакка өтүштү»,деген маалымат бөлүшүлдү.

Ирактын түндүгүндө уюмдашкан жана Түркиянын чек аралары үчүн ондогон жылдардан бери коркунуч туудурган жикчил террордук уюм ПКК түзүлүшүн бутага алган «Чеңгел-Бүркүт» (Pençe-Kartal) абадан жүргүзүлгөн операциясы мурдагы түнү башталган болчу.



Тектеш кабарлар