Түркияда жер титиреди

Жер титирөөнүн күчү 5,7 баллга жетти.

1436187
Түркияда жер титиреди
bingöl deprem.jpg

Кечээ Бингөлдүн Карлыова районунда болгон 5.7 баллдык жер титирөөдө бир коопсуздук сакчысы шейит болду.

(AFAD) Апаат жана өзгөчө кырдаалды башкаруу башкармалыгы, эпицентри Бингөлдүн Карлыова району болгон жер титирөөдөн кийин ооруканага жаткырылган 21 кишиден үчөөнүн чыгарылганын, 8инин дарыланып жаткандыгын билдирди.

Президент Режеп Таййип Эрдоган шейит болгон коопсуздук сакчысынын үй-бүлөсү менен байланышып көңүл айтты.

Эрдоган, жер титирөөдөн жапа чеккен башка жарандар менен телефон аркылуу сүйлөшүп, жакшы күндөрдү каалады.

Вице-президент Фуат Октай ички иштер министри Сүлейман Сойлу, экология жана шаар куруу министри Мурат Курум менен жер титирөө болгон Бингөлгө барды.

Ал эми AFAD Түркия убактысы боюнча саат 09.51де очогу Бингөлдүн Карлыова району болгон 5,6 баллдык дагы бир жер титирөө катталганын маалымдады.



Тектеш кабарлар