Лавров жана Шойгунун Түркияга сапары кийинкиге жылдырылды
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу бүгүн Түркияга жасай турган сапары кийинкиге жылдырылганы маалымдалды.
Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун орус кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди.
Анда, «Урматтуу министрибиздин Россиянын тышкы иштер министри урматтуу Сергей Лавров менен бүгүн болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө, эки өлкөнүн министр орун басарларынын ортосундагы жолугушу жана сүйлөшүүлөрдүн алдыбыздагы мезгилде улантылышына чечим чыгарылды. Министрлер деңгээлиндеги жолугушуулар болсо алдыбыздагы бир күндө ишке ашат»,-сөзүнө орун берилди.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.