Алтун: «АНТИФАнын чыныгы жүзүн көрдүк»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун,Твиттер барагынан АНТИФАнын «Жалпы АКШда зомбулук акцияларына аралашканын» белгилеп, видеолуу билдирүү бөлүштү.

1430966
Алтун: «АНТИФАнын чыныгы жүзүн көрдүк»

Президенттик аппараттын коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, АКШнын президенти Дональд Трамптын афро-америкалык Жорж Флойддун өлүмү менен башталган нааразалык акцияларынын артынан «террордук уюму» деп жарыялоону пландаганын билдирген АНТИФАнын чыныгы жүзүн көргөндөрүн баса белгиледи.

Алтун, Твиттер барагынан АНТИФАнын «Жалпы АКШда зомбулук акцияларына аралашканын» белгилеп, видеолуу билдирүү бөлүштү.

Фахреттин Алтун бөлүшүүсүндө, «Сириядагы террорист топтор менен кызматташтык кылып бүткүл дүйнөдө зомбулук окуяларын ишке ашырган АНТИФАнын чыныгы жүзүн көрдүк»,деген серебин салды.

Фахреттин Алтун видеодо да «АНТИФА менен жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын ортосундагы байланышка» токтолду.

АНТИФАнын тынчтыкчыл митингдерден кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн баш аламандык чыгаргандарына токтолгон видеодо, Анкаранын «радикал солчул» жана «анархист» деп билинген бул уюмдун НАТО шериктеши АКШдагы «баш аламандык кылуучу кыймылдардан» жана «Түркиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч туудурган террордук уюмдар менен байланышынан» санааркап жаткандарына шилтеме кылынды.

АНТИФАнын ПКК менен бирдей идеологияны бөлүшкөнү баса белгиленген видеодо, ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГнын болсо көп сандаган АНТИФА мүчөсүн машыктырганы белгиленди.



Тектеш кабарлар