Түркияда коронавирус көрсөткүчү
Акыркы 24 саатта вирустан 18 киши каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 4 648 болду.
1430419
Түркияда коронавирустан каза болгондор жана вирус жуккан киши саны азайып баратат.
Акыркы 24 саатта вирустан 18 киши каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 4 648 болду.
Ошол эле убакыттын ичинде 57 829 тест жасалып 930 учур катталды.
Айыгып ооруканадан чыккан 1 622 киши менен ооруну жеңгендердин саны 133 400гө жогорулады.
Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа акыркы бир айда эпидемиядан каза болгондордун жаш ортоломосу 74,6, жалпы каза болгондордун 93 пайызынын болсо 65 жаштан жогору экенин билдирди.
Тектеш кабарлар
Министр Уралоглу Германияда Өнүгүү жолу долбоорун түшүндүрөт
Эл аралык транспорт форуму (ITF) саммити 22-23-майда Германиянын Лейпциг шаарында өтөт.