YTBнин "Диаспора Ковид-19 программасы" аяктады

Бул программанын негизинде орто эсеп менен 200 миң адамга жардам көрсөтүлдү.

1427223
YTBнин "Диаспора Ковид-19 программасы" аяктады

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тештеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB)коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) менен күрөшүүнүн алкагында баштаган "Диаспора Ковид-19 колдоо жана кызматташуу программасы" аркылуу орто эсеп менен 200,000 адамга жардам көрсөтүлдү.

YTBнин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Ковид-19 пандемиясына каршы глобалдык күрөшкө салым кошуу максатында башталган "Диаспора Ковид-19 колдоо жана кызматташуу программасы" аяктады.

Чет өлкөдө жашаган түрк жарандарын жана алар түзгөн жарандык коомдук уюмдарды колдогон программанын кайрылууларынын аяктагандыгын айткан YTBнын төрагасы Абдуллах Эрен: «Биз 70ке жакын долбоорду ишке ашырып, 200 000 адамдын жүрөгүн козгодук»,- деди.

Программада 21 өлкөдөн жана 85 шаардан кайрылуу жасалганын белгилеген Эрен: «Чет өлкөлөрдөгү жарандык коомдук уюмдарыбыз (БӨУ) менен биргеликте жүзөгө ашырылган ушул долбоорлордун натыйжасында болжол менен 200 миңден ашуун кишиге ар кандай колдоо көрсөтүлдү. Пандемия учурунда биз менен кызматташып, жарандарыбызга жардамын көрсөткөн жарандык коомдук уюмдарыбызга жана түрк диаспорасынын мүчөлөрүнө ыраазычылык билдиребиз.Чет өлкөдө пандемиянын кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз»,- деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар