"Фатих" кемеси Трабзондо

"Фатих" кемеси Кара деңизде бургулоо иштерин жүргүзүү үчүн сапар тарткан.

1427331
"Фатих" кемеси Трабзондо

Стамбулдан президент Режеп Таййип Эрдоган узаткан алгачкы жергиликтүү "Фатих" бургулоо кемеси Трабзондун жээгине жакындады.

Кара деңизде бургулоо иштерин жүргүзүү үчүн Стамбулдун каратылышынын 567 жылдыгы болгон 29-майда жолго чыккан "Фатих" кемесин, Трабзондо губернатор Исмаил Устаоглу, шаар башчысы Мурат Зорлуоглу, облустун полиция башчысы Метин Алпер, Чыгыш Карадениз Жээк Коопсуздугу тобунун командири подполковник Мурат Сезгин жана тийиштүү жетекчилер тосуп алышты.

Губернатор Устаоглу экипажга кайрылып, "Фатих жеңип алган, Явуз башкарган, Кануни төрөлгөн Трабзонго кош келдиңиз. Раббим силерди колдосун"- деди.

Журналисттерге маалымат берген Устаоглу Кара деңизде иликтөө жүргүзө турган «Фатихтин» якорун таштагандан кийин бөлүктөрүнүн орнотула тургандыгын айтты.

Устаоглу «Фатих» бургулоо кемесинин 15 күндүн ичинде изилдөө жана издөө иштерин баштай турганын айтты.



Тектеш кабарлар