Германия Түркияга ыраазычылык билдирди

Гремания жарандарынын өлкөгө эвакуацияланышында жардам берген Түркияга ыракмат айтты.

1426199
Германия Түркияга ыраазычылык билдирди

Германиянын тышкы иштер министрлигине таандык «Кризис реакция борборунун» твиттер эсебинен берилген маалыматта : «Тышкы иштер министрлиги катары түрк кесиптештерге Перу жана Колумбиядагы кайрымдуулуктары жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ушунун саясында 100дөн ашуун жараныбыз өлкөбүзгө келди. Ыракмат»,- деди. Ошол эле учурда түрк аба жолдоруна таандык учактын Богота жана Лимадан алган немис жарандарын Франкфуртка алып барганы тууралуу маалымат берилди.

Бир тараптан Германиянын тытшкы иштер министрлигинин Түркия боюнча жооптууларынын да Түркиянын Берлин элчилигине телефон чалып ыракмат айтышкандары билдирилди.

Колумбия жана Перудан алып барылган 258 Европа Биримдиги жаранынын ичинде Франция, Чехия, Португалия, Швейцария, Австрия, Финландия, Болгария, Испания, Швеция, Норвегия, Польша, Италия жарандарынын бар экени да белгиленди.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар