Түркияга 135 өлкөдөн медициналык жардам талабы келди

Министр Чавушоглу өзгөчө : «135 өлкөдөн медициналык материалдар боюнча талап келди. 80 өлкөнүн талабын камсыздадык»,- деди.

1418348
Түркияга 135 өлкөдөн медициналык жардам талабы келди

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркияга жаңы тип коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде 135 өлкөдөн медициналык материал талабынын келгенин, 80 өлкөнү камсыздашкандарын билдирди.

Мевлүт Чавушоглу менчик телекөрсөтүү каналында күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Чавушоглу : «Ковид – 19дан улам 114 өлкөдөн 70 000ге жакын жараныбызды өлкөбүзгө алып келдик жана 14 күндүк карантинде болушту»,- деди.

Министр Чавушоглу өзгөчө : «135 өлкөдөн медициналык материалдар боюнча талап келди. 80 өлкөнүн талабын камсыздадык»,- деди.



Тектеш кабарлар