FEMA Түркияга ыраазычылык билдирди

Түркия АКШга медициналык жардам жөнөткөн болчу.

1417187
FEMA Түркияга ыраазычылык билдирди

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча федералдык агенттигинин (FEMA) башчысы Пит Гайнор, Түркиянын жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүү максатында жөнөткөн медициналык шаймандар үчүн ыраазычылык билдирди.

Гайнор өзүнүн социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө: «Түркиянын 500 бет калканы, 1500 коргоочу көз айнек, 497 миң 900 маска жана 69 миң 330 коргоочу кийим жөнөткөндүгү үчүн ыраазыбыз. Бул медициналык каражаттар FEMAнын (Вашингтон, Делавэр, Мэриленд, Пенсильвания, Виржиния жана Батыш Виргиния) үчүнчү аймагында таратылат» деди.

Түркиянын Вашингтондогу элчилиги Гайнордун билдирүүсүн бөлүшкөнү боюнча FEMAнын Твиттердеги баракчасынан түркчө «Чоң ырахмат!» деген билдирүүгө орун берилди.  

Түркия 29-апрель жана 2-майда эки аскердик жүк ташуучу учак менен Америка Кошмо Штаттарына медициналык жардам каражаттарын жеткирген болчу.



Тектеш кабарлар