Террор менен күрөшүү улантылууда
Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган ПКК/ЙПГнин 3 террористти жок кылынды.
Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган ПКК/ЙПГнин 3 террористти жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : ««Тынчтык булагы» аймагына кирүүгө аракет кылган ПКК/ЙПГнин 3 террористти каарман десанттарыбыз тарабынан жок кылынды»,- деп билдирилди.
Бир тараптан ички иштер министрлигинин катчысы Исмаил Чатаклы өткөн айда 37 террористтин жок кылынгандыгын билдирди.
Булардын 11нин өлүү, 22синин тирүү же жаралуу кармалгандыгын, 4нүн багынгандыгын белгилеген Чатаклы бул террористтерден 34нүн ПКК/КЖК, 3нүн ДЕАШ/ХТШ уюмуна мүчө экендигин маалымдады. Чатаклы жүргүзүлгөн ийгиликтүү операциялар менен өлкө ичиндеги террористтердин саны 492ге төмөндөгөндүгүн жана биринчи жолу 500дүн астына түшкөнүн билдирди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган: «Батыш башкаруучуларынын Газа боюнча эки жүздүү саясаттарын этияттык менен байкап жатабыз»,
Бир жумада 43 террорист жок кылынды
Мындан кийинки процессте да террор менен күрөшүүнүн чечкиндүүлүк менен улантылары билдирилди.