Европа Биримдиги Комиссиясы президент Эрдоганга ыракмат айтты

Президент Эрдогандын расмий твиттер эсебинен бөлүшүлгөн иш чарадагы сөзүнөн үзүндү алган Фон дер Лайен : «Берген колдооңуз үчүн ыракмат»,- деди

1411009
Европа Биримдиги Комиссиясы президент Эрдоганга ыракмат айтты

Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Лайен «Коронавирус эл аралык милдеттенме иш чарасына» катышкан президент Р. Т. Эрдоганга ыракмат айтты.

Фон дер Лайен  соцтармак твиттерден жаңы тип коронавирусту аныктоо, дарылоо жана вакцина чыгарууга фонд түзүү үчүн кечээ видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн иш чарага катышкан бардык лидерлерге жана мекеме башчыларына ыракмат айткан билдирүү жарыялады.

Президент Эрдогандын расмий твиттер эсебинен бөлүшүлгөн иш чарадагы сөзүнөн үзүндү алган Фон дер Лайен : «Берген колдооңуз үчүн ыракмат»,- деди.

26 -  мартта видеоконференция менен өткөрүлгөн чоң жыйырмалар саммитинде лидерлер вакцинанын ылдам чыгарылышы үчүн булак түзүүгө убада беришкен. Андан кийин Европа Биримдиги Комиссиясынын жол башчылыгында өткөрүлгөн Коронавирус эл аралык милдеттенме иш чарасына көп сандаган өлкө, эл аралык уюм, финансылык мекеме, жарандык коом, менчик сектор жана фонд катышкан.

Эрдоган иш чара үчүн жиберген видео билдирүүсүндө : «Чыгарыла турган вакцинага  глобалдык жетишүүнүн кепилдикке алынышы жана «эч кимдин артта калтырылбашы» принцибинин аткарылышы абдан маанилүү. Вакцина чыгаруу аракеттерине карата материалдык жардам берип жатканда бардык бул жагдайларды эске алабыз. Карап чыгып аныктай турган көлөмдү 23 -  майга чейин жарыялайбыз»,- деген.

Иш чарада чогулган 7, 5 миллиард евро бүткүл дүйнөдө  жетишүүгө боло турган жана ылайыктуу вакцина, дарылоо менен аныктоо кызматтарынын өнүктүрүлүшү менен жайылтылышынын ылдамдатылышында  колдонулат.



Тектеш кабарлар