Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Бир канча күндөн бери айыгып чыккандардын саны жуктуруп алгандардын санынан көп болгону көңүл бурууда.

1406333
Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү

Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшүүсүнөн оң натыйжалар алына баштады, каза болгондордун саны барган сайын азайууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда акыркы 24 саатта 95 киши көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 2900гө жетти.

Ушул эле мөөнөттө 20 миң 143 кишиге тест жасалып, анын ичинен 2 миң 131 кишиде вирус аныкталды.

Бүгүн айыгып чыккан 4651 киши менен бирге  айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 791ге жеткени маалымдалды.

Бир канча күндөн бери айыгып чыккандардын саны жуктуруп алгандардын санынан көп болгону көңүл бурууда.


Этикеткалар: #Түркиянын

Тектеш кабарлар