Президент Эрдоган : "Түркия глобалдык деңгээлде кайрадан курулуу процессинин борборунда"

Президент Режеп Таййип Эрдоган,видео конференция ыкмасы менен өткөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышында сөз сүйлөдү.

1402804
Президент Эрдоган : "Түркия глобалдык деңгээлде кайрадан курулуу процессинин борборунда"

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын глобалдык деңгээлдеги кайрадан курулуу процессинин борборунда болгонун айтты.

Эрдоган, видео конференция ыкмасы менен өткөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) борбордук башкаруу кеңешинин жыйналышындагы сөзүндө Түркиянын дүйнө жүзүнүн толугунда болгону сыяктуу жаңы типтеги коронавирус  Covid-19 пандемиясы менен катуу күрөш жүргүзүп жатканын белгилеп, «Негизинен саламаттык сактоо маселеси болгон бул пандемиянын экономикалык жыйынтыктары жагынан да Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки эң чоң кризиске айланды. Өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ушундай кеңири кризиске карата туш болгон чарасыздык, келечек тууралуу бардык көз караштарынын кайрадан курулуусун мажбур кылууда»,-деп айтты.

Режеп Таййип Эрдоган: «Европанын толугу жана Иран сыяктуу пандемиянын таасири оор тийип жаткан өлкөлөрдүн дароо жанында турган Түркиянын бул процесстин тышында калышы, иштин табияты жагынан мүмкүн эмес болчу. Бирок биздин берки өлкөлөрдөн айырмабыз, күчтүү саламаттык сактоо инфраструктурасына ээ болушубуз жана ошондой эле керектүү чараларды убагында көргөн болушубуз»,-деп айтты.

Түркиянын Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери алгач ирет глобалдык деңгээлдеги кайрадан курулуу процессинин борборунда орун алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгонун белгилеген Эрдоган: «пандемия менен күрөшкөнү сыяктуу пандемиядан кийинки дүйнөдө аймагыбызда жана өлкөбүздө келип чыга турган жаңы абалдарга даырдыктуу болуу маанилүү»,-деди.

«Келип жеткен жерде пандемия графигин горизонталдык абалга өткөрө баштаганыбызды көрүүдөбүз»,-деп айткан президент Эрдоган: «Рамазан айы бою да чара көрүүлөргө эң жогорку деңгээлде баш ийүүнү камсыздап, буюрса майрамдан кийин өлкөбүздүн нормалдуу турмушка өтүүсүн максаттап жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар