Чавушоглу канадалык кесиптешине көңүл айтты

Чавушоглу, Канадада аптанын акырында куралдуу кол салуунун себебинен каза тапкандар үчүн канадалык кесиптеши Франсуа-Филипп Шампанга көңүл айтты.

1401870
Чавушоглу канадалык кесиптешине көңүл айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Канадада аптанын акырында куралдуу кол салуунун себебинен каза тапкандар үчүн канадалык кесиптеши Франсуа-Филипп Шампанга көңүл айтты.

Чавушоглу, Шампанды этикеткалап Твиттерден берген маалыматында, «Нова Скотияда болгон трагедиялуу кол салуудан улам терең кайгыга баттым. Канадалык досторубуздун кайгысын тең бөлүшөмүн. Ой-пикир жана дубаларыбыз кол салуунун курмандыгы болгондор үчүн. Дагы бир жолу зомбулуктун ар түрдүүсүн айыптаймын»,деп бөлүштү.

Нова Скотия провинциясынын элет жерлеринен Портапике кыштагында ишембинин түнүндө Габриэль Вортман аттуу кылмышкер кылган жана жекшмби күнү түшкө чейин уланган кол салууларда арасында Канада Королдугунун атчан полициясынын кызматкери да болгон 16 киши каза тапканы жарыяланган болчу.



Тектеш кабарлар