Түркия Сомалиге медициналык жардам жиберди
Түркия Британия, Италия, Испания, Түндүк Македония, Черногория, Сербия, Босния -Герцеговина жана Косавага медициналык жардам берген.
Жаңы тип коронавирус менен күрөшүүнүн негизинде Түркиянын медициналык жардамын ташыган аскердик жүк ташуучу учак Анкарадан Сомалиге кетти. Түркия Ковид - 19 менен күрөшүнө колдоо берүү максатында жалпы дүйнөдө эпидемиядан таасирленген өлкөлөргө жардам берүүнү улантууда. Ушунун негизинде саламаттык сактоо министрлиги жана Түрк Кызылайы тарабынан даярдалган жардам материалдары Анкара Этимесгут аскердик аэропортунан түрк аба күчтөрүнө таандык А 400 М моделиндеги жүк ташуучу учакка жүктөлүп Сомалинин борбор шаары Могадишого кетти.
Түркия андан мурда Британия, Италия, Испания, Түндүк Македония, Черногория, Сербия, Босния -Герцеговина жана Косавага медициналык жардам берген.
Тектеш кабарлар
Йылмаз «Өнүгүү жолу долбоору» тууралуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады
Йылмаз: «Түркия бул долбоор менен стратегиялык абалын дагы да арттырат»,-деди.