Азербайжандын желеги Атакулеге чагылдырылды

Түркия-Азербайжан тилектештиги.

1397470
Азербайжандын желеги Атакулеге чагылдырылды

Борбор шаар Анкаранын символу Атакуле (мунара), Түркиянын Азербайжанга болгон тилектештигин көрсөтүү үчүн бир тууган өлкөнүн желегинин түсү менен жарыктандырылды.

Азербайжан Түркиянын коронавируска каршы күрөшүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында 11-апрелде борбор шаар Бакунун жаңы архитектуралык символдорунан «Гайдар Алиев» борборунун сырткы бетине түрк желегин чагылдырган эле.

Түркия дагы бул боюнча Азербайжанга болгон жакындыгын, тилектештигин жана бир туугандыкты символдоо максатында Атакулени, боордош өлкөнүн желегиндеги  көк, кызыл жана жашыл түстөрү менен жарыктандырды.

Мунаранын төбөсүндөгү экранда «Эки мамлекет бир улут, Азербайжанды урматтайбыз» деген билдирүү жазылып, соода борбору бөлүмүндөгү чоң экрандан эки өлкөнүн желектери желбиреп турду.



Тектеш кабарлар