Эрдоган:«Түркия пандемияны тизгиндеген өлкөлөрдүн башында турат»

Президент Эрдоган, кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

1397348
Эрдоган:«Түркия пандемияны тизгиндеген өлкөлөрдүн башында турат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын тизгинделиши жагынан маанилүү жылыштар болгонун айтты.

Президент Эрдоган, кабинет жыйналышынан кийин маалымат берди.

Пандемиянын тизгинделиши жагынан маанилүү жылыштар болгонун айткан Эрдоган: «Түркия көргөн чаралары менен пандемияны эң ылдам түрдө тизгиндеген өлкөлөрдүн башында турат»,-деди.

Мындан мурда курула турганы жарыяланган 2 ооруканадан тышкары Стамбулдагы Хадымкөйдө 100 орундуктуу, Деринжеде 250 орундуктуу башка жаңы ооруканалар салынганын билдирген Эрдоган, булардын алдыбыздагы апталарда тейлөөгө киргизиле турганын белгилеп өттү.

«Өлкөбүз бул процессте оң багытта айырмаланып баратат. Ооруну аныктоодон тартып дарылоого чейин жакшы абалдабыз. Эч бир кемчилигибиз жок»,-деп айтты.

Пандемия менен күрөшүүнүн алкагында жуманын акырында коменданттык саат ишке ашыруусун алдыбыздагы мезгилде дагы улантуу чечимин чыгаргандарын билдирген Эрдоган: «Бул күндөр өткөндөн кийин  турмушубузду дагы түшүмдүү, дагы жакшы өткөрөбүз»,-деди.

«Эл аралык Валюта Фондунун программасынан баштап,өлкөбүздү карызга батыра турган эч бир мажбурлоого моюн сунбайбыз»,-деп айткан Президент,пандемия менен күрөшүүнүн алкагында Түркиянын 34 өлкөгө медициналык жардам каражаттарын жеткиргенин, мындай колдоолордун алдыбыздагы күндөрдө да улана турганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар