Түркиянын жардамы Англияга жетти

Түркиянын медициналык жардамдарын ташыган аскердик учак Лондонго конду.

1395674
Түркиянын жардамы Англияга жетти

Түркиянын Англияга жаңы типтеги коронавируска каршы күрөшүү үчүн жөнөткөн медициналык жардамдарын ташыган аскердик жүк ташуучу учак борбор шаар Лондонго конду.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган N95 баткаптар жана коргоочу кийимдерден турган жардам материалдары Анкаранын Этимесгут районундагы аскердик аэропорттон A400M үлгүсүндөгү жүк ташуучу учакка жүктөлүп жолго чыккан болчу.

Учактагы жардам кутуларынын бетине, түрк жана англис тилдеринде (13-кылымдын аалымдарынан) Мевланын «Үмүтсүздүктүн артында көптөгөн үмүттөр бар. Караңгы күндүн артында көптөгөн күндөр бар» деген сөздөрү жазылды.

Англияга эртең дагы медициналык жардам жөнөтүлүшү пландаштырылууда.

Түркия буга чейин Италия, Испания, Түндүк Македония, Черногория, Сербия, Босния-Герцеговина жана  Косового да медициналык жардам жөнөткөн эле.



Тектеш кабарлар