Челик: «Балкан өлкөлөрүнүн муктаждыгы болгондо Түркиядан башка эч бирисинин карааны көрүнбөйт»

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик,Түркиянын Балкан өлкөлөрүнө жиберген медициналык жардамдар жана Европа өлкөлөрүнүн бул процесстеги мамилеси тууралуу сереп салды.

1394922
Челик: «Балкан өлкөлөрүнүн муктаждыгы болгондо Түркиядан башка эч бирисинин карааны көрүнбөйт»
numan kurtulmuş.jpg

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик,Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөшүүнү колдоо максатында Балкан өлкөлөрүнө жиберген медициналык жардамдар жана Европа өлкөлөрүнүн бул процесстеги мамилеси тууралуу сереп салды.

Европа Биримдиги (ЕБ) ичиндеги көп сандаган саясатчынын «Түркиянын Балкан өлкөлөрүндө арткан салмагына тоскоол болуш керек» түрүндөгү айтымдарын көп жолу укканын белгилеген Челик, Твиттердеги бөлүшүүсүндө, «Айрым Европа Өлкөлөрүнүн Балкан өлкөлөрү тууралуу жалгыз максаты Түркиянын таасирин сындырууга курулган болчу.Вирус пандемиясы боюнча Балкан өлкөлөрүнүн муктаждыгы болгондо эч бирисинин карааны көрүнбөйт. Түркия болсо Балкан өлкөлөрүнө эң татаал убагында жардам жеткирүүдө. Түркиянын өзү жалгыз жасаганын, ЕБ Италия жана Испания үчүн дагы Балкан өлкөлөрү үчүн дагы жасай алган жок»,-деди.

Челик, Түркиянын түптүү жана күчтүү Европа мамлекети катары Европа аймагынын гарантеру болгонун көрсөткөнүн белгилеп, «Түркия болбостон Европа аныктала албайт. Күчтүү Европа мамлекетинен бирөөнүн учагынын Италия, Испания, Сербия, Босния-Герцеговина, Черногория, Түндүк Македония жана Косовону кыдырганы көрүнбөдү. Түркия болсо гуманитардык жардамдашуу үчүн бардык жерде желегин желбиретүүдө. Түркия, гуманитардык жардамдашуу, тарыхый байланыштар, аймактык жана глобалдык жоопкерчиликтери үчүн өзү жалгыз материктик деңгээлде жоопкерчиликти ишке ашырууда»,-деп айтты.

Өмер Челик, бөлүшүүсүндө НАТОнун колдошуусу үчүн үлгү көрсөтүлө ала турган жалгыз өлкөнүн да Түркия болгонуна токтолду.

АК Партиянын башкы жетекчилигин аткаруучу Нуман Куртулмуш да Твиттердеги бөлүшүүсүндө, «Балкан элдери менен жакын достору катары бул жаман күндөрдө колдошууну улантабыз. Түркиянын Босния-Герцеговина, Черногория, Түндүк Македония, Косово жана Сербияга берген жардамдары жакшы күндөрдө болгону сыяктуу жаман күндөрдө дагы дос экенинин ачык белгиси»,деп жазды.



Тектеш кабарлар