Эрдоган:«Бир канча аптаны жакшы башкарсак, бизди жакшы күндөр күтүп турат»

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Чанкая сарайында «Коронавирус менен күрөшүү боюнча координация жыйналышында» сөз сүйлөдү.

1380677
Эрдоган:«Бир канча аптаны жакшы башкарсак, бизди жакшы күндөр күтүп турат»

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) боюнча бир канча аптаны жакшы башкарган учурларында жакшы көрүнүштүн Түркияны күтүп турганын айтты.

Президент Эрдоган, борбор шаар Анкарадагы Чанкая сарайында «Коронавирус менен күрөшүү боюнча координация жыйналышында» сөз сүйлөдү.

Эрдоган, сөзүндө Ковид-19 тууралуу, «Оорунун көзөмөлдө кармалышы тууралуу саламаттык сактоо чара көрүүлөрү жана башка чара көрүүлөрдү ишке ашырдык, ишке ашырууну дагы улантуудабыз»,-деп айтты.

Процесстин олуттуу экономикалык жыйынтыктары боло турганын, ар түрдүү чара көрүүнүн ишке ашырылганын жана мунун улантыла турганын айткан Эрдоган: «Мамлекетттин милдеттри менен катар жеке менчик сектордун дагы жоопкерчиликтери бар экени айныксыз. Бул кыйынчылыкты биргелешип ашып өтөбүз»,-деди.

Эрдоган, мунай зат бааларынын төмөндөшүнө байланыштуу түрдө финансы тармактарында болгон абалдардын да Түркияга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү камсыздаганын белгилеп өттү.



Тектеш кабарлар