Түркияда коронавирус жуккан киши саны 47ге жогорулады

Жарандарды коронавирустан коргоо жана эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу максатында чара көрүү улантылууда.

1379376
Түркияда коронавирус жуккан киши саны 47ге жогорулады

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа твиттерден берген кабарында : «29 кишиде вирус аныкталды. Булардын баары түздөн түз же кыйыр түрдө АКШ, Жакынкы Чыгыш жана Европа менен байланыштуу, үчөөсү умрадан кайткандар»,- деди.

Ошол эле учурда жарандарды коронавирустан коргоо жана эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу максатында чара көрүү улантылууда.

Чара көрүүнүн негизинде коомчулукка ачык жана эс алуу, көңүл ачуу жерлери, адамдар бири бирине жакын болуп, вирустун жугуу мүмкүнчүлүгүн арттыра турган жерлер (кино - театр, концерт залдары,  кафе, казино ж.б) жерлер убактылуу жабылды.

Өзгөчө Түркия убактысы боюнча саат 08: 00дөн тарта Британия, Швейцария, Сауд Арабия, Египет, Ирландия жана Бириккен Араб Эмирликтерине карата учак каттамдарына тыюу салынды.

Дин иштери боюнча төрага Али Эрбаш коронавирус коркунучу жок болгонго чейин жума намазы жана мечиттерде жамаат менен окула турган намаздардын токтотулгандыгын жарыялады.

Президент Р. Т. Эрдоган да эртең бул маселе тууралуу кенен түрдө өткөрүлө турган жайынды башкарат.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  берген маалыматында 3614 түрк жаранынын Европанын тогуз өлкөсүнөн бүгүн түн жарымына чейин алып келинерин билдирди. 

Чавушоглу түрк аба жолдорунун 34 каттамы менен алып келине турган 3614 жарандын Стамбул жана Кожаелиндеги жатаканаларда карантинге алынарын маалымадады. 

 

 



Тектеш кабарлар