Террористтерге каршы операция жүргүзүлдү

Операцияда 11 террорист жок кылынды.

1378853
Террористтерге каршы операция жүргүзүлдү

Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка кирүүгө аракет кылган жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 11 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, аймактагы тынч жана ишенимдүү чөйрөнү бузуу максатында бул жерге кирүүгө аракет кылган ПКК/ЙПГге мүчө террористтерге каршы операция жүргүзүлгөндүгү белгиленди.  

Билдирүүдө: «ПКК/ЙПГге мүчө 11 террорист жүргүзүлгөн операцияда жок кылынды. Аймактагы тынчтык жана ырааттуулуктун сакталышы үчүн ар түрдүү алдын алуулар уланат»,-деген сөздөргө орун берилди.

Бир тараптан Ирактын түндүгүндөгү лагерлерден качкан ПКК/ЙПГге мүчө 2 террористтин Шырнактын Силопи районундагы чек ара бөлүктөрүнө багынып бергендиги кабарланды.

Битлисте болсо ПККга каршы жүргүзүлгөн операцияда 5 баш калкалоочу жай жок кылынды.



Тектеш кабарлар