Лидерлер саммити телеконференция аркылуу өткөрүлөт

Стамбулда өткөрүлүшү пландалган саммит коронавирустан улам көрүлгөн чаралардын негизинде телеконференция аркылуу өткөрүлөт.

1377982
Лидерлер саммити телеконференция аркылуу өткөрүлөт

17 -  мартта Президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Стамбулда өткөрүлүшү пландалган лидерлер саммити жаңы тип коронавирустун айынан телеконференция жолу аркылуу өткөрүлөт.  

Президент Эрдоган Франциянын президенти Еммануэль Макрон жана Германиянын канцлери Ангела Меркель менен 17 -  мартта Сириянын Идлиб аймагы жана качкындар маселеси менен Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштары карала турган саммитте сүйлөшөт.

Стамбулда өткөрүлүшү пландалган саммит коронавирустан улам көрүлгөн чаралардын негизинде телеконференция аркылуу өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар