Түркиянын колдоосу менен жаңыланган оорукана Грузияда коронавирус менен күрөшүүнүн борбору болду

Грузияда 23 кишиде коронавирус аныкталып, 288 киши карантинге алынган.

1377757
Түркиянын колдоосу менен жаңыланган оорукана Грузияда коронавирус менен күрөшүүнүн борбору болду
gurcistan hastane.jpg
gurcistan hastane.jpg
gurcistan hastane.jpg

Түркия жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүдө жүргүзгөн үлгүлүү иш-аракеттерин чек аранын тышына алып барып коңшу өлкө Грузияга да жардам көрсөттү.

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) салымдарынын негизинде жаңыланган жана 22-ноябрда ачылган Батумидеги жугуштуу оорулар ооруканасы 23 кишиде коронавирус аныкталып, 288 киши карантинге алынган өлкөдө жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүүнүн борборуна айланды.

Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой: «Тийиштүү бардык мекеме жана уюмдарыбыз менен жигердүү кызматташууну жана интенсивдүү иштерди улантуудабыз. Бул вирус дүйнөлүк маселе болуп саналат. Ошондуктан өлкөбүздө вируска каршы жүргүзүлгөн күрөшкө байланыштуу тажрыйбаларыбызды берки өлкөлөр менен бөлүшүү, колубуздан келген жардамды берүү адамдык милдет болуп эсептелет»,-деди.

ТИКА тарабынан жаңыланган Батумидеги жугуштуу оорулар ооруканасы 980 миңге жакын кишиге кызмат көрсөтүүдө.

ТИКАнын колдоосу менен айрыкча 18 дарыгер жана 20 медайымга былтыр аппараттардын кантип колдонулаары үйрөтүлгөн эле.



Тектеш кабарлар