"Капкан - 8 Агры тоосу - Чемче - Мадур" операциясы баштатылды
Операцияга 1012 аскер катышты.
1377638
Агры, Карс жана Ыгдырда 1012 аскер катышкан «Капкан - 8 Агры тоосу - Чемче - Мадур» операциясы баштатылды.
Ички иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта Агры – Карс – Ыгдырдагы ПКК террористтерин жок кылуу үчүн Капкан - 8 – Агры тоосу - Чемче - Мадур операциясынын баштатылгандыгы билдирилди.
Маалыматта операцияга 1012 аскердин катышкандыгы белгиленип, өлкө ичинде террордун толугу менен жок кылынышына карата жүргүзүлгөн «Капкан» операцияларынын элдин колдоосу менен чечкиндүү жана ийгиликтүү түрдө улантылгандыгы билдирилди.