Абадан операция жүргүзүлдү

Операцияда үч террорист жок кылынды.

1376662
Абадан операция жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндө жүргүзүлгөн абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда террордук уюм ПККга мүчө 3 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө, Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Гара аймактарында байкоо салуунун негизинде аныкталган ПККга мүчө 3 террористтин абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда жок кылынгандыгы кабарланды.  

Маалыматта операциялардын чечкиндүүлүк менен улантылып жаткандыгы баса белгиленди.

Бир тараптан Сиирттин элет жеринде террордук уюм ПККга каршы жүргүзүлгөн «Капкан-7 Гара операциясында» аныкталган 17 үңкүр, баш калкалоочу жай, кампа жана 2 колго жасалган жарылуучу зат түзмөгү жок кылынды.

Аймакта кечээ башталган операция уланып жатат. Дрон жана учкучсуз учуучу аппараттар менен да асмандан колдоо көрсөтүлгөн операцияда террористтер тарабынан колдонулган жайлар аныкталып жок кылынды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирияда «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн аймакта ишке ашырган операциясында болсо террордук уюм ПКК/ЙПГге мүчө 8 террорист жок кылынды.



Тектеш кабарлар