Идлибде шейит

Дагы бир аскер шейит болду.

1371347
Идлибде шейит

Сириянын Идлиб аймагына тынчтык жана бакубаттык алып келүү үчүн жүргүзүлгөн «Жаз калканы» операциясында кызмат өтөп жаткан 2 аскер шейит болуп, 6 аскер жараланды.

Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Сирия режиминин кол салуусунан 2 аскердин шейит болгону, 6 аскердин жаралангандыгы кабарланды.

Билдирүүдө айрыкча «Операция башталгандан бери 3 миң 138 режим аскери менен бирге 3 учак, 8 тик учак, 3 учкучсуз учуучу аппарат, 151 танка, 47 пушка, 52 ракета аткыч, 8 абадан коргонуу системасы, 12 танка атуучу курал, 4 замбирек, 27 зооттолгон унаа, 34 куралдуу пикап, 60 аскердик унаа жана 10 ок-дары сактоочу кампа жок кылынды» деп маалымдалды.

Министрликтин билдирүүсүндө: «Операцияларыбыз түрк аскерине жана күнөөсүз жарандарга созулган кандуу колдор сынганга дейре уланат», делди.

Кечээ да улуттук коргоо министри Хулуси Акар Сириянын Идлиб аймагында кызмат өтөп жаткан бир аскердин шейит болгонун билдирген эле.  



Тектеш кабарлар