Чавушоглу Идлиб тууралуу дипломатиясын улантууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Идлиб жана качкындар маселеси боюнча жолугушуу жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн улантууда.

1370799
Чавушоглу Идлиб тууралуу дипломатиясын улантууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Гейр O. Педерсен менен жолукту.

Жолугушуу борбор калаа Анкарада өттү.

Чавушоглу, жолугушуу тууралуу Твиттерден берген маалыматында, «БУУнун Сирия боюнча атайын өкүлү Педерсен менен чечкиндүү улантып жаткан «Жаз калканы» темасында пикир алмаштык»,-деп бөлүштү.

Бир тараптан министр Чавушоглу жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Дипломатиялык булактардан берилген маалыматка караганда Столтенберг Түркияга колдоо көрсөтүү жана колдошуу маалыматын кайталады.

Чавушоглу жана Столтенберг телефондогу сүйлөшүүсүндө Идлиб жана качкындар темаларын сүйлөштү.

Чавушоглу кечээ Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто жана Испаниянын тышкы иштер министри Аранча Гонсалес Лайя менен дагы телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Маалымат булактары Чавушоглу жана Лайя сүйлөшүүсүндө Идлиб жана качкындар темасынын каралганын маалымдады.



Тектеш кабарлар