Түркияда террористтердин саны азайды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, Анадолу агенттигине маалымат берди.

1367701
Түркияда террористтердин саны азайды

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, өлкөнүн ичиндеги террористтердин саны азайганын айтты.

Анадолу агенттигине конок болгон Сойлу, террор менен күрөшүүдөгү акыркы абал жөнүндө маалымат берди.

Көндүрүү жолунун негизинде өткөн жылы 273 террористтин, быйыл болсо 48 террористтин уюмдан чыгып кеткенин билдирген Сойлу, өлкөнү ичиндеги террористтердин санынын азайгандыгын айтты.

Сүлейман Сойлу, террордук ПККга кошулунун акыркы 30 жылдын эң төмөнкү деңгээлинде экенин кабарлады.

Ошондой эле чет өлкөлүк террористтерди өлкөлөрүнө тапшыруу ишине байланыштуу да: «102 улуттан 7 миң 918 кишини депортацияладык»,-деди.



Тектеш кабарлар